Пенсиялык реформа кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?
RU

Пенсиялык реформа кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соцфонд иштелип жаткан жаңы пенсиялдык реформаны сунуштады. Анда аялдардын пенсиялык курагы 58 жаштан 60 жашка чейин көтөрүлүп, иштеп жүргөн пенсионерлерге пенсия төлөөнү жоюп салуу сунушталууда.

Бул өзгөртүүлөр коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Биз пенсиялар жана пенсионерлер тууралуу маалымат чогултуп, Кыргызстандагы жакырчылык дагы жайылат экен деген бүтүмгө келдик.

Пенсионерлер үчүн жашоо минимуму канча?

Баалар кескин кымбттагандыктан 2021-жылдын соңунан 2022-жылдын апрелине чейин пенсионерлер үчүн жашоо минимуму 5,6 миң сомдон 6,1 миң сомго чейин кымбаттады. Бул орточо пенсияга барабар

Нормалдуу пенсиялык система кандай болот?

Нормалдуу пенсиялык системада бир пенсионерге үч иштеген киши каражат чегерет (мындайча айтканда багат). Кыргызстанда бул көрсөткүч 1:0,8ге тете.

Пенсияга каражат кайдан бөлүнөт?

2021-жылы пенсияларга 50 млрд сом сарпталган. Себеби, иштеген адамдардын соцфондго төккөн каражаты жетишсиз. Ошондуктан, мамлекет республикалык бюджеттен акча бөлүп берүүгө аргасыз.

Эмне үчүн пенсияга бюджеттен акча бөлүнөт?

Ишке жарамдуу калктын басымдүү бөлүгү көмүскөдө иштейт. Өкмөт экономиканы көмүскөдөн чыгаргандын ордуна пенсионерлердин санын кыскартууну чечип жатат. Себеби көмүскөдө иштегендерди ачыкка чыгара албай койду. Бийлик жасап жаткан пенсиялык реформа бул маселени чечүүнүн оңой жолу.

Пенсиялык реформа маселени чечүүгө жардам береби?

Мындай чаралар жакынкы жылдары бюджетке болгон басымды азайтышы мүмкүн. Бирок экономиканы көмүскөдөн чыгармайын пенсиялык системанын маселеси чечилбейт.

Кыргызстанда канча пенсионер бар?

Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-январына карата 98 587 иштеп жүргөн пенсионер катталган. Божомолдоолор боюнча, 2030-жылы алардын саны 1 миллионго жетет.

Пенсиялык реформа карыларга кандай таасирин тийгизет?

Пенсиялык реформа жүргүзүлгөнгө чейин деле кары-картаңдарды бардар турмушта жашай тургандардын катарына кошуу мүмкүн эмес болчу. Бийликтин азыркы аракеттери жакырчылыктын деңгээлин ого бетер төмөн түшүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6426