Пенсиялык реформа иштеп жүргөн 100 миң пенсионерге таасирин тийгизет
RU

Пенсиялык реформа иштеп жүргөн 100 миң пенсионерге таасирин тийгизет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева иштеп жүргөн пенсионерлерге пенсия төлөбөй коюу сунушу каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал парламенттик угуулар учурунда айтты.

Жуматаева мисал катары аскер кызматындагыларды келтирди.

Кийинчерээк соцфонддон бул жөн гана талкууланып жаткан сунуш, азырынча мындай мыйзам долбоору жок экенин маалымдашты.

Аны менен катар Kaktus.kg редакциясы азыркы тапта Кыргызстанда канча пенсионер иштеп жатканын сураштырды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылдын 1-январына карата 98 587 иштеп жүргөн пенсионер катталган.

Бирок министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айткандай, "бул болгону идеялардын сөлөкөтү" кабыл алына турган болсо, республикадагы 100 миң киши же пенсияны же айлыкты тандоого аргасыз болушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6415