УКМКнын жанында экс-муфтийди бошоткула деген талап менен митинг өтүп жатат
RU

УКМКнын жанында экс-муфтийди бошоткула деген талап менен митинг өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-февралда УКМКнын жанында митинг өтүп жатат. Карышылыкка чыккандар экс-муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин күнөөсү жок экенин айтышууда.

Эске салсак, УКМК берген маалыматка ылайык, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып, өз максаттарына жумшашкан.

Андан кийин эки сааттын ичинде Максатбек ажы Токтомушев отставкага арыз жазып, УКМКнын СИЗОсуна кармалган.

Митингге чыккандар Максатбек ажы Токтомушевди үй-камагына чыгарууну суранып жатышат. Алар экс-муфтий эч убакта качып кетпейт, ал үчүн милдеттенмесин алууга даяр экендигин да кошумчалашты.

"Биз өзүбүз деле аны тергөө иштерине алып келип турууга даярдбыз", - деп УКМКнын алдына келгендер ишендиришти.

Ошондой эле алардын айтымында, ажылыкка чогулган акча банкта, депозитте жаткан болчу.

"Өткөн жылы эч ким ажыга барган жок. Чогулган акчаны жөн гана банкка салып коюшкан", - деп митингчилер билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/650