Дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев камакка алынды
RU

Дин башкармалыгынын башчысы Максатбек ажы Токтомушев камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК берген маалыматка ылайык, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алып, өз максаттарына жумшашкан.

Сотко чейинки жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен Максатбек ажы Токтомушевдин бул кылмыштарга жана финансылык мыйзам бузууларга түздөн-түз катыштыгы бар экени далилденди.

Алынган далилдердин негизинде 2021-жылдын 10-февралында Максатбек ажы Токтомушев камакка алынып, СИЗОго жеткирилди.

Жогоруда аталган фактылар боюнча тергөө иши уланууда. Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишине катыштыгы бар фигуранттардын бардыгына юридикалык баа берилет. Иштин жүрүшү тууралуу УКМК коомчулукка өз маалында маалымат берип турат, деп ведомствонун басма сөз кызматы убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/644