3-класстагы кыздын мыкаачылык менен сабалышы. Зордуктоо аракети болгонбу?
RU

3-класстагы кыздын мыкаачылык менен сабалышы. Зордуктоо аракети болгонбу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg'ге Бишкектин тургуну Евгения Юрьевна кайрылып, анын 10 жаштагы Оксана деген кызын 14 жашар Антон зордуктоого, андан кийин өлтүрүп салууга аракет кылганын айтып берди. Бирок Ленин Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милдеттерине көңүл кош мамиле жасап, эч кандай аракеттер көрүлбөй эле, дейт. Шектелүүчү эркиндикте жана эч нерсе болбогондой сабакка барып жүрөт.

Бардык катышуучулардын аттары өзгөртүлгөн.

Апасынын айтымында 2012-жылы туулган кызы №58-мектептин үчүнчү классында окуйт.

"27-апрелде Антон кызыма келип, мышыктын баласын көрсөтөм деп чакырыптыр. Бирок коңгуроо кагып, Оксана сабакка кирип кеткен. Антон сабактан кийин жолугушууну сунуштаган. Оксана Антонду жакшы таанып, ага ишенчү. Себеби, ал бир нече жолу үйүбүзгө келип кеткен", - деп кыздын апасы түшүндүрдү.

Оксана Антонду сабактан кийин күтүп, Антон аны мектептин арт жагына ээрчитип барыптыр.

"Мектептин тышкы камераларында да Антон Оксананы жетелеп баратканы тартылып калган. Ал жактан кызымдын шымын чечүүсүн талап кылган. Кыз болбой койгондо жерге жыгып, муунта баштаган, андан кийин таш менен башына беш жолу уруптур. Ошондо Оксана ээсин жоготкон", - деп Евгения айтып берди.

Кыздын апасынын айтымында, негизинен башынын сол тарабына чапкан экен.

"Кызым эсин жоготкон абалда эки саатка чукул мектептин артында жатыптыр. Биз аны тапканыбызда турсийи жок экен. Учасковый инспектор да жаныбызда болчу. Оксана кан жалап жерде жатыптыр. Зордукталган экен деп ойлодум. Кудай жалгап, андай болбоптур, бирок аракет көрүлгөн", - деп жабырлануучунун апасы билдирди.

Ал жолдошу менен Бишкектин Ленин РИИБсине кайрылган. Бардыгы сурак берип, көзөмөл камералар текшерилип, андан Антон менен Оксананын мектептин артына баратканын көрүшкөн. Милиция Антондун үйүнө барып бөлүмгө алып келгенде, ал бардыгын мойнуна алып, алгач шымын чечип, андан кийин муунтканын айтып берген.

"Оксана ээсин жоготкучакты таш менен башына чапканын да мойнуна алды. Ташты арыктагы сууга таштап салыптыр. Тергөөчү буларды угуп, эч кандай чара көргөн жок. Антонду үйүнө кое берди. Жада калса ал эч нерсе болбогондой мектепке барып жүрөт", - дейт Евгения.

Анын пикири боюнча тергөөчүнүн эч нерсени уккусу жок.

"Милиция "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду, бирок бул жерде башка берене болуш керек болчу. Кызым оор абалда ооруканага жеткирилди. Антондун туугандары анын акыл ээси жайында эмес деген шылтоо менен жоопкерчиликтен качканга аракет кылышат деген ушактар жүрүп жатат", - деп жабырлануучунун апасы кошумчалады.

Эске салсак, 27-апрелде №58-мектептин 8-класынын окуучусу 3-класс окуган кызды мыкаачылык менен сабаган. Ленин ИИБси бул маалыматты жарым-жартылай тастыктап: окуучу кыз мектептин территориясынан табылып, жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Андан тышкары 8-класстын окуучусу аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген, деп билдиришкен.

"Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала маалыматтар боюнча өспүрүм бала жабырлануучу жана анын үй бүлөсү менен тааныш болчу. Мындай кадамга баруусуна эмне себеп болгону ар тараптуу иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6532