Бишкекте дагы бир окуучу кыз сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилди
RU

Бишкекте дагы бир окуучу кыз сабалып, оор абалда ооруканага жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-апрелде, №58-мектептин 8-классынын окуучусу мыкаачылык менен 3-класста окуган кызды сабап, мектептин артында калтырып койгон. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

27-апрель күнү саат 16:00 чамасында 12 жаштагы Б. Э. аттуу кыздын жоголгону, мектепке кеткен боюнча кайрылбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Райондук жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери саат 18:00 чамасында кызды мектептин артынан оор абалда жаткан жеринен таап, ооруканага жеткиришкен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 14 жаштагы өспүрүм кармалган. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 8-класстын окуучусу жабырлануучу жана анын үй-бүлөсү менен тааныш болгон. Тергөөнүн алкагында себептери жана жүйөлөрү аныкталат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана тергөө иш-чараларынын комплекси боюнча акыркы юридикалык баа берилет", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6530