Журналистердин Матраимовду айыптаган прокурордон комментарий алышы. (Күлкүлүү видео)
RU

Журналистердин Матраимовду айыптаган прокурордон комментарий алышы. (Күлкүлүү видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Бүгүн, 11-февралда Матраимовдун иши боюнча сот отурумунан соң журналисттер мамлекеттик айыптоочу Бердибаевден комментарий алганы аракет кылышты.

Эске салсак, прокурор Матраимов үчүн жаза катары 260 миң сомдук айып салууну талап кылды, себеби ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирген зыянды толук төлөп берген. Кийинчерээк, сот прокурордун суранычын канаттандырган.

Соттон кийин журналисттер прокурордон комментарий алганга аракет кылышты, бирок ал эч жооп бергиси келген эмес.

Журналисттерден качып, парковкадан өтүп, соттун мекемесине кирип кетип, бир аздан кийин кайра чыкты.

Кийинчерээк ММК өкүлдөрү менен кайра сотко кайтып, экинчи кабаттагы бөлмөгө качып кирип журналисттерден эптеп кутулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/660