Иш сапары бүтүп, Садыр Жапаров Москвадан учуп кетти. Бирок, Бишкекке эмес
RU

Иш сапары бүтүп, Садыр Жапаров Москвадан учуп кетти. Бирок, Бишкекке эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россиянын борбору Москва шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Саммиттин алкагында Жапаров Россиянын президенти жеке Владимир Путин менен да жолукту.

Бүгүн, 17-майда мамлекет башчысы иш сапарын аяктап, Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Шейх Халифа бин Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү иш-чараларына катышуу үчүн Москвадан Абу-Дабиге (Бириккен Араб Эмираттары) жөнөп кетти, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6713