Эки сүрөт: Путин сөзүн кагаздан окуп жатат, ал эми Жапаров планшеттен
RU

Эки сүрөт: Путин сөзүн кагаздан окуп жатат, ал эми Жапаров планшеттен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын мааракелик жолугушуусу учурунда колдонуучулар бир кызыктуу деталды байкашты. Россия менен Кыргызстандын президенттеринин сүйлөгөн сөзүндө чоң айырмачылык бар. Эгер Путин улуу адамдар көнүп калган ыкмага салып сөзүн кагазга жазып алып окуса, Жапаров заманбап технологияларды колдонуп, айта турган сөзүн планшеттен окуган.

Төмөнкү кадрларда көрүнүп тургандай Путиндин речи колго жазылган.

Ошол эле учурда Садыр жапаров планшетин колдонгон. Планшет Кыргызстандын президентинин таанымал атрибуту болуп калды десек да болот.

Биздин байкашыбызча, жети өлкө башчыларынын ичинен Садыр Жапаровдун алдында гана планшет турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6717