"Ата, сизди сагындым, сизге барам". 15 жаштагы асынып алган кыз кат таштап кеткен
RU

"Ата, сизди сагындым, сизге барам". 15 жаштагы асынып алган кыз кат таштап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бостон айылындагы үйлөрдүн биринен 15 жаштагы кыздын асынып турган жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 23-май күнү саат 16:40та 15 жаштагы В.А. асынып алган жеринен табылган. Анын сөөгүн Ноокат районунун ооруканасына 44 жаштагы М.З. жеткирген.

7-класстын окуучусу үйүндө асынып алган. Ал өз жанын кыйганы тууралуу кат калтырып, анда "ата, мен сени сагындым, мен сага барам" деп жазганы аныкталган.

Апасы жана 35ке жакын туугандары экспертизага каршы болуп, сөөктү өлүкканадан алып кетишкен. Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда.

Kaktus.media РИИБден кыздын атасы 2015-жылы каза болгонун тактады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6879