Агасы тарабынан зордукталган кыз. Аны уккан атасы асынып алды
RU

Агасы тарабынан зордукталган кыз. Аны уккан атасы асынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

64 жаштагы киши баласы инисинин кызын зордуктаганын уккандан кийин асынып алган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, январь айынын аягында Арашан айылынын тургуну 1958-жылы туулган О.Н. асынып каза болгон.

Маркум 9 жаштагы жээни, башкача айтканда инисинин кызы менен адепсиз жоруктарды жасаган деп айыпталып жаткан 1987-жылы туулган А.А. аттуу жарандын атасы экени аныкталган.

Белгилүү болгондой, кыз өгөй атасынын ата-энесинин колунда тарбияланган.

Ал киши өз жанын кыйганы тууралуу билдирип, күнөөсүз экенин айтып, кечирим сурап кат калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5457