Адахан Мадумаров: Эскертип коёюн, ичинен быкшып жаткан маселе бир күн жарылат
RU

Адахан Мадумаров: Эскертип коёюн, ичинен быкшып жаткан маселе бир күн жарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда бийлик, өкмөт, мыйзам дагы жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, быйыл мамлекет дыйкандарды кыйнап жатат, алар кайра-кайра кайрылып жатышат.

"Лейлекте минералдык жер семирткичтер толугу менен буулуп калды. Бул посттор тойбой койду. Губернатор 24-майдан бери постторду алып салууну убада кылууда. Бул жерде Айыл чарба министрлигинин жер семирткичтерди алып келүү керек деген расмий жообу турат. Дыйкандарды ушунчалык кыйнап жатасыңар, айланайындар. Мен сиздерден талап кылам, УКМКны, Айыл чарба министрлигин, Бажы кызматын чакырып, ушул жерден чекит коюш керек. Дыйкандар мындан ары дагы кимге кайрылышы керек, кыйкырып жатышат, эч ким укпайт! Өзгөн району боюнча дагы 900 киши кол койгон маселени дагы көтөрө элекмин. Мен эскертип коёюн, азыр быкшып ичиненен бышып келе жатат. Бир күн жарылат, аз калды! Бүт президентке ушинтип эскертип келем. Жайды жайлай бийлегендер, кышында кылчылдап, ыйлап калат", - деди депутат.

Ага Балбак Түлөбаев өлкөдө бийлик дагы, президент дагы бар деп жооп берди.

"Бирок Адахан Кимсанбаевичтин сөзүндө чындык бар. Жергиликтүү бийлик, губернатор, акимдер иштебей жатат. Эл депутаттарга кайрылып жатат. Негизи бул аткаруу бийлигинин иши. Губернатордук же акимдик институтун жоюу керек. Эгерде акимдер мындай улана берсе. Президент менен өкмөттүн ою жакшы, баарын кылып жатышат. Бирок, алардын алдындагылар саботаж кылып жатышат. Бир чечимге келиш керек", - деди депутат.

Эске салсак, Мадумаров Сүлүктү менен Лейлектин ортосунда посттор орнотулганын билдирген. Эл ээн-эркин жүрө албай жатышканын белгилешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6900