"Кагаз караган эмесмин". Бакасов Мадумаровду сыйлабай калганын айтты. Видео
RU

"Кагаз караган эмесмин". Бакасов Мадумаровду сыйлабай калганын айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Улан Бакасов кесиптеши Адахан Мадумаров экөөнүн өткөн отурумдагы кайым айтышуусу боюнча түшүндүрмө берди.

"Өткөн отурумда Улан Бакасов кагаздан карап Адахан Кимсанбаевичти урушту деп соцтармактарга тарап, ар кандай пикирлер айтылды. Буга биринчи Кудай күбө, экинчиден ушул жерде отурган депутаттар күбө, туура айтамбы депутаттар, кагаз карап окудумбу? Алдыбыздагы кагаз бул күн тартиби.

Экинчиси, биз эмне себептен талаштык, талаштын чыгышына Баткенге бөлүнгөн 50 миллион долларга курулуш жүргүзө турган "АРИС" себеп болгонун билдирди. Мындан сырткары парламенттеги 90 депутаттын ичинен Мадумаровдон башкасы элге кызмат кылууга аракет кылып жатканын, Мадумаровдо гана андай аракеттер жоктугун айтты.

Мен Адахан Кимсанбаевичти патриот адам, калыс адам деп ойлочумун. Бирок андай нерселерди көрө алган жокмун. Эгер калыс болсоңуз, тарапташтарыңыз кагаздан окуду деп сындап жатканда, андай эмес деп калыс сөзүңүздү айтпайт белеңиз", - деди Бакасов.

Сөзүнүн аягында чечен эместигин, бирок өз оюн кеңири айта аларын билдирди.

"Мен сизди эмнеге сыйлабай калганымды комитеттин жыйынында айткам, мындан ары дагы комментарий берип, акыл үйрөтсөңүз сизди эмнеге сыйлабай турганымды элге айтам, эл да сизди сыйлабай калат", - деп Улан Бакасов сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6481