Милиция кызматкери аялын жана анын ата-энесин өлтүрөм деп бычак менен коркуткан
RU

Милиция кызматкери аялын жана анын ата-энесин өлтүрөм деп бычак менен коркуткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкери аялынын 3-кабаттагы үйүнө балкону аркылуу кирип өлтүрөм деп коркуткан. Бул туралуу Kaktus.kg сайтына күч структурасынын кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 8-июнда Октябрь районунун ИИМине 1993-жылкы Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылкы жолдошуна чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жолдошу 3-кабаттагы батирге балкон аркылуу кирип келген. Ал аялын сабап, мойнуна бычак такап, ата-энеси менен чогуу өлтүрөм деп коркуткан.

Ал аялын Таласка алып кетип, чогуу жашаганга мажбурлаган. Уулун да кыйнап автоунаасына отургузуп алып кеткен. Милиция кызматкери баңгизат колдонору белгилүү болду. Аялына кол салган күнү да колдонгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7007