Новопавловкада аял күйөөсүн бычактап салган
RU

Новопавловкада аял күйөөсүн бычактап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ кечинде Новопавловка айылында аял күйөөсүн бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, жубайлар спирт ичимдиктерин ичип, андан соң ортодо чыр чыгып, мушташа кеткен. Аял күйөөсүнө бир нече жолу бычак сайган. Көп кан жоготуудан күйөсү каза болгон.

Аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5031