"Чара көрүлсүн". Кесарево жолу менен төрөтүү учурда аялдын ичинде түтүкчө калып калган
RU

"Чара көрүлсүн". Кесарево жолу менен төрөтүү учурда аялдын ичинде түтүкчө калып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда төрөт үйүндө аял кесарево жолу менен төрөп жаткан учурда дарыгерлер аялдын ичине түтүкчөнүн бир бөлүгүн таштап коюшкан. Жабыркаган аялдын тууганы Гүлнура Медетова [urlhttps://www.facebook.com/profile.php?id=100040819157903]социалдык тармактар ​​аркылуу[/url] Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековго жана жалпы эле Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу жасаган.

"2022-жылдын 26- март күнү келиним Таалайбек кызы Милана Жалал- Абад облустук Төрөт үйүндө "Кесарево сечение" жолу менен төрөдү. Операцияны Момунова Гулина жасаган. Жакшы жасалды, бирок келиним алтынчы күн дегенде абалы жакшы боло электе эле төрөт үйүнөн чыгарылды. Ысытмасы түшпөй, бир жумадан кийин оруканага кайра кайрылууга туура келди. Кан уюп, коюлана баштаптыр дешип, тазалап беришти. Беш күндүк дарылоо курсун алды. Бирок, оң жак капталым ооруп атат, деп кыйналып, түз баса албай калды. Бир нече жолу текшертсек баары жакшы деп тескерисинче копоол мамиле жасап коюшту",- деп нааразы болду ал.

Бир нече айга созулган азаптан кийин тыкыр текшерүүдөн өткөндө төрөт учурунда келиндин ичинде бир нерсе калып калганы белгилүү болду. Ага операция жасалып, 13,3 см түтүкчө табылды.

"Мындай шалаакылыкты, кайдыгерликти жоюуга мүмкүнчүлүк барбы же улана береби?

Бул окуя боюнча сиздин кадамды күтөбүз!", - деп Медетова Касымбековго кайрылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ведомство окуянын чоо-жайын тактаарын белгиледи.

"Анализ жүргүзүп, керектүү жардам көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилип, иш көзөмөлгө алынды", - деп баса белгилешти алар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7021