Эмизип жатканда уктап калып эки айлык баласын басып калган
RU

Эмизип жатканда уктап калып эки айлык баласын басып калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто эне эмизип жатканда уктап калып, уулун басып алган. Бала каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-октябрда Токмок РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 11-августта төрөлгөн С.Э.нин өлүмү тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ келгенде, 33 жаштагы Б.С., баланы эмизип жатып уктап калганын жана баланы басып алгандан улам каза болгонун айткан.

Аталган факт "Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3922