Соң-Көлгө саякат. Болгону 22 жаштагы Улугбек этно шаарча ачты (видео)
RU

Соң-Көлгө саякат. Болгону 22 жаштагы Улугбек этно шаарча ачты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соң-Көлдүн жээгинде заманбап, этно шаарча ачылды. Аны болгону 22 жаштагы ишкер Улугбек Исраилов ачкан.

Бул жөн гана боз үйлөр эмес, анда экологиялык жана заманбап шарттар да каралган. Ал жерде күн панели орноштурулуп, пластиктер колдонулбайт. Эң маанилүүсү Кыргызстандагы туризм тармагындагы чоң көйгөй болуп эсептелинген ажаткана маселеси жок.

Улугбек бул идея чет жактарда жүрүп, окуп, үйрөнүп анан жаралганын айтат. Бул лагерди ата-энеси, досторунун жардамында эки жуманын ичинде жасап бүтүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7151