Таштандыдан акча жасаган жаштар. Видео
RU

Таштандыдан акча жасаган жаштар. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бахтияр Замирбеков өнөктөштөрү менен биргеликте экологияны сактап калууну көздөп, желимди бөлүп таштоо үчүн шаарга атайын бөтөлкө формасындагы урналарды орното башташкан. Кийин топтолгон бөтөлкөлөрдү кайра иштетип чыгып, андан каражат табууну чечкен. Алардын айтымында таштандыны акчага айландырып эки тараптуу пайда алууга болот.

"Беш тонналык бөтөлкө өрттөлө турган болсо 140кг көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Биз бир күндө эки тоннадан ашык, ал эми эки айда 60 тоннадан ашык желим бөтөлкө иштетип чыгарабыз. Муну менен 10 миң кг көмүр кычкыл газды абага учурбастан сактап калып жатабыз", - деп билдирди Begreen компаниясынын жетекчиси Бактияр Замирбеков.

Жаштар жасап жаткан аракеттери менен экология көйгөйүнө, бираз болсо да жашыл экономикага салым кошо алабыз деп үмүттөнүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6831