Камчыбек Ташиев чек аралардын демаркациясына 100 млн сом бөлүп берет
RU

Камчыбек Ташиев чек аралардын демаркациясына 100 млн сом бөлүп берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Деморкация үчүн чек ара кызматына жылына болгону 15 млн сом бөлүнүп берчү, болгону 15 млн сом! Бул эмне деген бири-бирибизди кордогондук?", - деп Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусунун тургундары менен өткөн жолугушууда айтты.

Анын айтымында, ошол 15 миллион сом дагы жылдын ортосунда, июнь-июль айларында араң которулат экен.

"Ошол эле учурда бир коррупционерлерден бир эле айда 500 млн сом өндүрүп жатабыз. Ошондуктан ишенимдүү айтып жатам, быйыл биз чек ара кызматына демаркация иштерине жок дегенде 100 млн сом которуп беребиз", - деди ал.

Эске салсак, 15-16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара райондорунун тургундары митингге чыгышкан. Алар президент Садыр Жапаровдон чек ара маселелерин чечип берүүнү талап кылышкан.

Камчыбек Ташиев, Германияда жасалган операциясынан кайтып келип, дароо эле Баткен облусунун тургундары менен жолугушууга жөнөп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/725