Камчыбек Ташиев айрым жерлерди берүүгө туура келет деп баткендиктерге эскертти
RU

Камчыбек Ташиев айрым жерлерди берүүгө туура келет деп баткендиктерге эскертти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-февралда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Германияда өткөн операциясынан кийин кайтып келип түз эле Баткен облусунун тургундары менен жолугушууга барды.

Ташиев баткендиктердин алдына чыгып сөз сүйлөп, бардык аймактар боюнча маалымат жана талаш жерлерди чечүүнүн планы бар экенин айтты, бирок ал тууралуу азырынча элге айтып бере албайт, анткени маалымат аскерий сырын жоготот, деп белгиледи.

"Биз силерди бизге каршы чыгат деп коркпой, чын жүрөгүбүздөн иштешибиз керек. Биз аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса чечебиз. Силер кыжаалат болбогула, болгону кичине чыдап тургула. Эмоцияга, провакацияга алдырбагыла. Мен азыр силерге көп нерсени айта албай турам, анткени ал аскердик сырын жоготуп коет", - деди ал.

Ташиев, өкмөт мамлекеттин кызыкчылыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн болгон күчүн жумшайт деп билдирди. Жакынкы жылдары бул маселени чечип, бардыгын мыйзам чегинде ишке ашырууга аракет кыла тургандыгын убада кылды.

"Эч ким мамлекеттин кызыкчылыгын башкаларга бербейт. Биз кайсыдыр бир жерлерди сатып салды деген сөздөр туура эмес. Садыр Нургожоевич же мен кантип сатып салмак элек? Азыр андай болушу мүмкүн эмес. Балким, мурда башка чиновниктер сатып келген, бирок азыр андай эмес", - деди ал.

УКМКнын жетекчиси сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан өлкөлөр да өз мамлекеттеринин кызыкчылыгын сактап калуу үчүн колунан келгенин кылып жатышат. Ошондуктан айрым жерлерди аларга берип, айрымдарын өзүбүзгө алып калууга туура келет.

"Ооба, эгер биз кээ бир жерлерди аларга өткөрүп берсек, силер ошого макул болууга аргасыз болосуңар, анткени ал жерде комиссия иштеди. Бирок биз эмне үчүн ушундай чечим кабыл алганыбызга түшундүрмө беребиз. Маселени тезирээк чечип бергиле деп шаштырбай тургула. Кудай буюрса, чечебиз", - деди Ташиев.

Сөзүнүн соңунда, чек ара кызматы күчөтүлөт. Баткен облусунун жетекчиси катары аскерде иштөө тажрыйбасы бар Өмүрбек Суваналиев атайын дйындалды, деп билдирди.

"Кудай буюрса, март айларында чек ара маселеси боюнча комиссялардын коңшу өлкөлөр менен жолугушууларын кайрадан өткөрө баштайбыз", - деп УКМКнын башчысы сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, 15-16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара райондорунун тургундары митингге чыгышкан. Алар президент Садыр Жапаровдон чек ара маселелерин чечип берүүну талап кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/723