☀️Адамга күн өтүп кетсе кандай жардам көрсөтүү керек? Ысыктан сактануучу чаралар
RU

☀️Адамга күн өтүп кетсе кандай жардам көрсөтүү керек? Ысыктан сактануучу чаралар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ӨКМ 30-июнга чейин аба ырайы +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүндүгүн айтып, эскертүү берүүдө.

Узакка созулган ысык адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү ысыктан сактоонун эң жакшы жолу - бул жөнөкөй эрежелерди сактоо.

Эрежелер

  • Аба ырайына дайма көз салып, жумуштарды алдын ала пландаштырыңыз. Тамак-аш жана ичүүчү суунун запастарын толуктап алуу сунушталат.

  • Күндүн эң ысык мезгилинде көчөгө чыкпоого аракет кылыңыз; • Салкын, бирок өтө муздак эмес суюктуктарды көп ичиңиз; 1,5-2,5 литр. (суу, квас, жемиш ширелери ж.б.)

  • Спирт ичимдиктерин жана/же кофе ичпеңиз - алар кайра суусатат.

  • Салкын душка же ваннага түшүңүз;

  • Табигый кездемелерден жасалган жеңил жана кенен кийимдерди кийүү ( пахта жана зыгыр кездемелери);

  • күнүнө жок дегенде 2-3 саатты салкын жерде (мисалы, кондиционерленген коомдук имараттарда) өткөрүү;

  • Күндүз терезелерди жаап, түнкүсүн терезелерди ачыңыз (эгер коопсуз болсо);

  • Балдарды жана жаныбарларды токтоп турган унааларга калтырбаңыз.

  • Суюктукту жетиштүү ичүү менен дененин суу-туз балансын сактоону унутпаңыз.

Эгерде адамга күн өтүп кетсе, төмөнкү биринчи жардамды көрсөтүү керек.

  • Жабырлануучуну дароо салкын бөлмөгө же көлөкөгө алып барыңыз жана колтукка, жамбашка жана моюнга муздак компресс коюу менен дароо денени муздата баштаңыз.
  • Жана ошондой эле денени интенсивдүү муздатуу үчүн башка мүмкүн болгон чараларды көрүңүз. Мисалы, жабырлануучунун кийимин нымдоо жана жабырлануучу өзүн жакшыраак сезгенге чейин үйлөө (сүлгү менен) жана башкалар. Андан ары ичимдик менен камсыз кылуу (суу, жемиш ширелери)
  • Эгерде эс-учун жоготсо, 103кө чалыңыз жана дем алуусун байкаңыз

Бул сунуштар Deutsche Bank Stiftung фондунун каржылык колдоосу менен ачык булактардын негизинде иштелип чыккан. Документтин мазмуну эч кандай түрдө Deutsche Bank Stiftung расмий позициясын чагылдырат деп эсептелбейт жана Deutsche Bank Stiftung андагы маалыматтардын кандай болбосун пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7266