Күн ысык! Маршрутканын жүргүнчүсү эс-учун жоготуп, тез жардам чакырылды (сүрөт)
RU

Күн ысык! Маршрутканын жүргүнчүсү эс-учун жоготуп, тез жардам чакырылды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-июнда Бишкектеги 203-маршруткада жүргүнчү эсин жоготту. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Назгүл Мамытова жазган.

Анын айтымында эл кызды коомдук транспорттон алып чыгып, тез жардам кызматын чакырышкан.

"Маршруткалардын айнектери ачылбайт. Ушундай ысыкта элди картөшкө жүктөгөндөй жүктөп алышат. Эмнеге терезелер ачылбайт. Дагы канчасы эстен танышы керек? Же эмне сөзсүз эле бирөө өлүшү керекпи" – деп жазган аял.

Бишкек шаардык тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов Kaktus.media сайтына билдиргендей, кызга жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7267