Өлүмүнө бир нече жума калганда бүтүргөн. Юрий Шатуновдун эң акыркы ыры чыкты (видео)
RU

Өлүмүнө бир нече жума калганда бүтүргөн. Юрий Шатуновдун эң акыркы ыры чыкты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юрий Шатунов көз жумгандан кийин анын эң арыркы "Каждому своё" (ар кимдики өзүнө) деген ыры чыкты. Ырчыны акыркы сапарга узатуу аземинин эртеси бул ырынын премьерасы болуп өттү деп жазат Россия басылмалары.

Ыр 29-июнда гана YouTube каналга жарыяланганына карабай дээрлик миллионго жакын угуучу топтогон.

Юрий Шатуновдун режиссёру Аркадий Кудряшов ырчы өлүмүнө бир нече жума калганда акыркы ырын бүтүргөнүн билдирген. Шатунов анын сөзүн жана музыкасын өзү жазган.

Юрий Шатунов 23-июнда, 48 жашында Москвада каза болду. Ырчынын өлүмүнө инфарк себеп болгон. Сүрөтчү тез жардам унаасында баратып каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7321