"Белые розы" ыры менен белгилүү Юрий Шатунов көз жумду
RU

"Белые розы" ыры менен белгилүү Юрий Шатунов көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бизге "Белые розы", "Седая ночь" жана башка ырлары менен белгилүү россиялык ырчы Юрий Шатунов каза болду. Бул тууралуу Lenta.ru билдирди.

"Ласковый май" тобунун мурдагы солисти инфаркттан улам Москвада каза болду. Ал түндө тез жардам унаасында бара жатып каза болгон. Шатунов 48 жашта эле.

Юрий Шатунов 1973-жылы Башкырт АССРинде туулган. Ал үч жашында ата-энеси ажырашып, 11 жашында апасы каза болгон. Ырчы өспүрүм кезин балдар үйүндө өткөргөн. Ал жерден ал ышкыбоздор кружогунун жетекчиси Сергей Кузнецов менен жолугуп калган. Ошол учурдан тартып "Ласковый Май" тобунун тарыхы башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7207