Мал издеп кеткен 50 жаштагы жарандын сөөгү табылды
RU

Мал издеп кеткен 50 жаштагы жарандын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-июнда Нарында 1972-жылы туулган И.К. аттуу жаран дайынсыз жоголгон. Ал Жаңы-Жер жайлоосунун Беш-Мойнок тилкесине мал издеп кеткен. Ошол эле күнү жоголгон жарандын минип кеткен аты үйүнө кайтып келген.

Аны табууга 9 куткаруучу, 10 милиция жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган.

Аталган адамдын сөөгү 30-июнь күнү суунун жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7332