Каникулга чыгышын майрамдаган депутаттардын банкетинде кайсы ырчылар ырдады. Сүрөт
RU

Каникулга чыгышын майрамдаган депутаттардын банкетинде кайсы ырчылар ырдады. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

30-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын биринчи сессиясы аяктады. Депутаттар эки күн катары менен ондогон мыйзам долбоорлорун кабыл алууга үлгүрүш үчүн түн бир оокумга чейин жыйын өткөрүштү.

Акылбек Жапаров сессиянын акыркы күнүндө депутаттарды чайга чакырган. Ошентип, депутаттардын иш күндөрү "Дасмия" ресторанындагы банкет менен аяктады.

Социалдык тармактарда банкеттен тартылган кадрлар тарады. Сүрөттөргө караганда, кечеде шоу-бизнес жылдыздары өнөрлөрүн тартуулашты. Алар Омар, Асхат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, комузчу Эламан Каныбеков, фольклордук топтор жана башкалар. Ошондой эле, "Ынтымак" сейил багында ырдап атагы чыккан Бегимай Турусбекова эл өкүлдөрүнө сөз сүйлөдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7331