Карындашынын намысын сактайм деп адам өлтүрдү. Кыз окуянын чоо-жайын айтып берди
RU

Карындашынын намысын сактайм деп адам өлтүрдү. Кыз окуянын чоо-жайын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочуну аткан адамдын карындашы болгон окуяны айтып берди.

Эске салсак, Токмок "Бишкек-Торугарт" унаа жолунда айдоочу октон алган жаракатынан улам каза болгон. Аны карындашын коргойм деген байкеси атып алган.

"Мен адаттагыдай эле 07.01.2022 күнү эртең менен жумушка жөнөп, саат 07:45тер чамасында попуткага отурдум. Рулда болжол менен 40-45 жаштагы айдоочу болчу. Бир нече метр айдагандан кийин ​​ал ылдамдыкты жогорулатып, ага кошуп музыкасыныны үнүн дагы көтөрдү.

Ал жолдон чыгып, "Жибек" дүкөнүнүн же кафесинин жанындагы кант заводун көздөй айдап, мен отурган тарапка дароо бурулду. Мен анын артында отургам, кийимдеримди тарткылап, мени шап кармады. Мен корктум, эч нерсе дей албадым, кыйкыра да албадым. Ал менин жаныма отургусу келип, тамекиге окшош нерсени сунуштады. Мен баш тарттым. Ал тамекисин күйгүзө баштаганда, мен учурдан пайдаланып унаадан трассага чуркап чыктым, биринчи токтогон машина мени салып кетти.

Айдоочу "Сага эмне болду, аны тааныйсыңбы?" деп сурады. Мен жок дедим, мага тийишип жатканын айттым. Зордуктоо аракетин жолдошума айтуудан коркуп, байкеме чала баштадым.

Машинада байкем менен сүйлөшүп бараттым, унаада дагы бир аял жана айдоочу бар болчу, аларга үч балам менен карганып, мени кууп келаткан кишини тааныбайм дедим.

Бирок кууп келе жаткан киши мен бараткан машинаны жолдун четине кысып чыгарып, эшикти ачып, чачымдан жулуп сабап баштады. Менин жанымда отурган аял машинадан түшүп, башка попутка кармай баштады. Айдоочу мага жардам берген жок, кайра тиги кишиге мени унаадан түшүрүп, өзүбүз чечишибизди айтты. Ошол маалда байкем жетип келип, кокусунан травматикалык тапанча менен атып жиберди, ал ошол жерден каза болду. Байкем менин тирегим, намысымды коргоду! Агам болбогондо эмне болмок билбейм", -деп жазды кыз.

Ал колдонуучулардан бул маалымат менен бөлүшүп, үй-бүлөсүн колдоону суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7350