Токмоктун тургуну карындашын кордогон айдоочуну атып өлтүрүп алды. Видео
RU

Токмоктун тургуну карындашын кордогон айдоочуну атып өлтүрүп алды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милицияга 1-июлда саат 8:30да "Бишкек-Торугарт" унаа жолунда эркек кишинин октон жаракат алганы боюнча маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерине барганда 1975-жылы туулган И.Р.нын жансыз денесине туш болушкан. Маркум тез жардам кызматы келгенге чейин октон алган жаратынан улам каза болуп калганы аныкталган.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, Токмок шаарындагы аялдамалардын биринен саат 07:45 чамасында 1989-жылы туулган Ж.А. жол тосуп, 1975-жылы туулган И.Р. аттуу жарандын унаасына түшөт.

Айдоочу кызга тийишип баштаганда, кыз унаадан түшө качып башка унаага отурат. Жолдон кетип баратып байкесине телефон чалып окуяны айтып берет.

И.Р. кыз түшүп кеткен унаанын астын торой токтотуп, унаадан кызды чыгарууга аракет кылып, чачынан жулуп сабаган. Ошол учурда кыздын агасы жетип келип травматикалык тапанча менен И.Рга ок чыгарган.

Кылмышка шектүү делип 1986-жылы туулган Д.З. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7346