Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан боюн таштап, жан берди
RU

Токмокто 14 жаштагы кыз көп кабаттуу имараттан боюн таштап, жан берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Токмок шаарында курулушу бүтө элек көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз боюн таштап каза болду. Облустук ичики штер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 3-июлда болгон.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз боюн таштаганы кабарланган. Жерине барган ыкчам тергөө тобу 2008-жылы туулган Б.А. аттуу кыздын жансыз денесин аныкташкан. Ал бийиктиктен боюн таштап, алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7408