Кой-Ташта түндө жоокер өзүн атып алды
RU

Кой-Ташта түндө жоокер өзүн атып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кой-Таштагы аскердик бөлүктө жоокер өзүн атып каза болду. Окуя бүгүн, 4-июлга караган түнү саат 02.00 чамасында №73809 аскер бөлүгүндө катталганын Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, каза болгон жоокер 22 жаштагы Ж.Э. болгон. Ал постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктын кокустуктан ок чыгарып алган. Анын кесепетинен алган жаракатынан улам жеринде көз жумду.

Окуя боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилиги, Аскер прокуратурасынын кызматкерлери, Аламүдүн РИИБинин эксперттери жана №02625, №73809 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын курамынан комиссия түзүлүп, иштеп жатканы кабарланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7368