"Кызыңдын этин көрүп мен уялам"... Имамдын чуу жараткан видеосу боюнча коомдун пикирлери
RU

"Кызыңдын этин көрүп мен уялам"... Имамдын чуу жараткан видеосу боюнча коомдун пикирлери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Свердлов районунун имамы Садыбакас Дооловдун кыз-келиндер тууралуу айткан видеосу социалдык тармактарга жайылып, коомдо ача пикирди жаратты. Көпчүлүгү дин кызматкеринин айткандарын туура эмес деп баалашса, айрымдары жайылып жаткан видеону толук көргөндө гана сөздүн толук мазмуну белгилүү болмок дешет.

Кызуу талкуу жараткан имамдын айткандары боюнча теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекованын пикирин уктук. Ал виедону көрүп чыкканын, анда ачык-чачык кийинип жүргөндөрдү күнөөлөгөнү так эле айтылат дейт.

"Биз светтик, тең укуктуу өлкөдө жашайбыз. Кыз-келиндер каалагандай кийим кие алышат. Биринчиден, имам ушуга көңүл бурса жакшы болмок. Экинчиден, өлкөдө дин жаатына катуу көзөмөл керек болуууда. Акыркы учурларда адамдардын укугун чектегендер көбөйүүдө. Жакында эле Түркиядан билим алып келген теологдор менен маектештим. Алар Кыргызстанда дин тармагы өнүкпөгөнүн, караңгы бойдон калганын айтып, кейип жаткандарын билдиришти. Өнүккөн өлкөлөрдү карасаң, дин кызматкерлери заманбап эле кийинип, эч кимдин укуктарын чектебей эле жүрүшөт", - дейт ал.

Ал эми ырчы, дастанчы, актриса Гүлнур Асанова видео толук болбогондуктан кандайдыр бир пикир берүү туура эместигин айтат.

Дин кызматкери Садыбакас Доолов чуу тарап жаткан видеонун башы да, аягы бар экенин SUPER.KG порталына билдирди.

"Менин айткандарымды кесип өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланышты. Эми анча-мынча аялдын баасы базардагы эттин баасынан да арзан болуп жатканы жалганбы? Айткандарым намысы жок эркектер менен намысы жок аялдарга катуу тийип жатат. Намыска келсин деген сайын тескерисин жасап жатат. Мен Алланын алдында кадыр-баркыңды билгиң келсе өзүңдүн жасап жаткан иштериңе кара дегим келген. Кээ бир аялдардын денеси базардагы эттен дагы арзандап кетти, аны айттым, танбайм. Ал илгертен бери эле айтылып келе жаткан аалымдардын сөзү", - деген ал.

Айрым интернет колдонуучулардын пикирилери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7419