"Сиз митингге келгендерди чоочутуп жатасыз". Алканова журналисттердин ишине тоскоол болду
RU

"Сиз митингге келгендерди чоочутуп жатасыз". Алканова журналисттердин ишине тоскоол болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-февралда, 14:30да Матраимовдун пиар-командасынын жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Эльнура Алканова УКМКнын алдында өтүп жаткан Матраимводу колдоо митингине келип, иш чараны чагылдырган журналисттердин ишине тоскоол болду. Эске салсак, анын азыркы фамилиясы Ысмаилов.

Белгилүү болгондой, ар бир митингде сөзсүз журнлисттер иш алып барат. Алар чогулгандарга суроо берип, алардан жооп алганга аракет кылышат. Kaktus.media'нын журналисти Марат Уралиев митингге келгендерден интервью алып жаткан кезде Алканова берилген суроолорго комментарий берип, анын артынан ээрчип жүрдү. Алканованын пикири боюнча бардык суроолор айыптоо мүнөздө берилип жатты.

"Сиз митингге келген досуңуз Аманды толугу менен колдойсузбу?" - деп журналист митингдин катышуучусунан сурады.

"Марат, эмне үчүн суроолорду айыптоо мүнөзүндө берип жатасыз? Жөн эле, жеңилирээк сураса деле болот да. Сылык түрдө. Сиз аларды чоочутуп жатасыз", - деди журналисттин артынан ээрчиген Эльнура Алканова.

Журналист өз кезегинде митингге катышкандардын жоопторуу эки башка болуп жатканын белгиледи. Элнуранын көзүнчө башкача сүйлөп, ал жокто такыр башканы айтып жатышты.

Чынында, катышуучулардын басымдүү бөлүгү жооп берүүдөн баш тартты, же болбосо жөн гана "өтүп баратканбыз", деп айтышкан.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алынган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти. Социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү, мындй чечим элдин бетине түкүргөндүк, деп баа беришкен.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

14-февралда Бишкекте, Матраимовду камакка алууну талап кылган тынчтык митинги өткөн болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/742