УКМКнын алдында Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Азырынча киши аз
RU

УКМКнын алдында Матраимовду колдоо митинги өтүп жатат. Азырынча киши аз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-февралда УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата кылмыш кирешелерди мыйзамдаштыруу фактысы боюнча иш козголуп, камакка алынган. Анын азыркы фамилиясы Ысмайылов.

Матраимовдордун пиар-командасынын жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Элнура Алканова бүгүн, саат 14:30да УКМКнын алдына митингге чыгууга үндөдү. Бирок, анын Бишкекте тарапташтары өтө деле көп эмес өңдөнөт.

Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алынган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти. Социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү, мындй чечим элдин бетине түкүргөндүк, деп баа беришкен.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

14-февралда Бишкекте, Матраимовду камакка алууну талап кылган тынчтык митинги өткөн болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/739