Маркум жоокердин 11-классты аяктаган кызы акыркы жолу эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн айтты
RU

Маркум жоокердин 11-классты аяктаган кызы акыркы жолу эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-июлда, Кой-Таштагы аскердик бөлүктө өзүн атып каза болду делген жоокер Элдияр Жайлообековдун сүйгөн кызы акыркы жолу эмне деп сүйлөшкөндөрүн кээ бир басылмаларга айтып берди.

"Сүйлөшкөнүбүзгө беш ай болгон. Бул арада ортобузда эч качан таарыныч болгон эмес.

Бири-бирибизди жакшы көрчүбүз. Экөөбүздүн ортобузда бир гана сый мамиле болчу.

Болгон окуядан кийин Бишкек шаарынан тергөөчү мага чалып, үйдөгүлөр менен чогуу сүйлөшүп уктук. Анда "Сага шакек бериптир. Сен ал берген шакекти кайтарып, уруша кетиптирсиңер. Анан өзүн өзү атып салган" деген эле. Мен шакек тууралуу эч нерсе билбейм. Аны жөн эле кошуп коюшту.

Ал бүтүрүү кечеме сюрприз болуп келем деген. Мен сүйүнүп күтөм дегем. Бүтүрүү кечеме ушинтип келет деп ойлогон эмесмин",-деди кызы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7434