Президенттин катчысы Эрбол Султанбаев 13 жаштагы зордукталган кыз тууралуу сөз катты
RU

Президенттин катчысы Эрбол Султанбаев 13 жаштагы зордукталган кыз тууралуу сөз катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Зордуктоого шектүүлөрдүн аракетин эч кандай жол менен актоого болбойт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.

"13 жашар секелек кыздын зомбулукка кабылышы, болгондо да милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрүшү коомчулукту катуу дүрбөттү. Шектүүлөр февралда кармалып, иштен бошотулуп, учурда бардыгы камакта. Азыркы учурда иш соттун кароосунда, адилеттүү жаза берилет деп ишенебиз.

Бул акмактардын аракети эч кандай актоого, же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жатпайт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук мындай акмактардан тазаланышы керек.

Мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында өз тарабынан бардык аракеттерди мындан ары да көрөт",- деп жазган ал.

Андан тышкары ал президент Садыр Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата мындай мамилени кескин сындашын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7436