Зордукталган 13 жаштагы кызга каражат чогултуу башталды
RU

Зордукталган 13 жаштагы кызга каражат чогултуу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте зордукталган 13 жашар кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү максатында каражат топтоо башталды. Бул туурасында алып баруучу Эркин Рыскулбеков тарабынан маалым болду.

Айтымында, бул демилгени кыздын окуясына кайдыгер карабаган ыктыярчылар тобу демилгелеп чыгышты.

Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жашар кызга жардам берели. Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом чоң жардам бологону турат. Акча которууңузду "для девочки" билдирүүсү менен коштоп коюңуз.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши сотто каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери. Дагы бир адам тергөөдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар кызды зордуктап эле тим болбостон, балким аны башкаларга да сатып жиберишкен. Кыз чоң энеси жана агасы менен жашаган. Өспүрүм зордук-зомбулук тууралуу айтуудан коркуп айтпай жүргөн. Аны камап коёбуз деп коркутуп жүрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7440