Өспүрүм кызды 3 киши коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Окуянын чоо-жайы
RU

Өспүрүм кызды 3 киши коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелип 19 жаштагы жаран жана 2 милиция кызматкери кармалган. Бүгүнкү күндө аталган факты боюнча иш сотто каралып жатканын жабырлануучу кыздын атасы тастыктады.

Анын айтымында, окуя 2021-жылдын август айында башталган. Анда сатуучу өспүрүм кызды уурулукка айыптаган.

"Дордой" базарындагы дүкөндүн сатуучусу кызымды кулакчын уурдоого айыптап, аймактык тергөөчүгө өткөрүп берген. Ал болсо кызымды коркутуп, шантаж кылып, ээн талаага алып барып унаанын ичинде зордуктаган. Кызым коркконунан эч нерсе айтпай жүрө берген. Кийинчерээк өспүрүмдү зордуктоого башка эркектер да аралашып, бул көрүнүш февраль айына чейин созулган. Февраль айынын бир күнүндө кызым сабактан кийин кечигип жатты. Мугалимдерге да чалдык. Кечинде кызыбыз милиция бөлүмүндө экенин билдик. А бизге болсо сабактан кечирээк чыкканын, маршруттук такси жок болуп жатканын айткан. Жаман бир нерседен шекшигенбиз. Эртеси күнү кызымдын уюлдук телефонуна белгисиз кишиден СМС билдирүү түшкөнүн апасы көрүп калыптыр, ал күнү телефон жубайымда эле. Анда "быйтыкчалар" жана адепсиз билдирүүлөр келген. Жазышууларды карап чыккан жубайым белгисиз кишилер кызыбызды кордоп жатканын түшүнгөн", - дейт ал.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгондо кийин күнөөлүү тараптын өкүлдөрү жабырлануучулар менен жарашууну көздөшкөн. Жабыркаган өспүрүм кыз мектепке барып жүргөн, кылмыш иши козголгондон кийин мамлекеттик күзөт кызматынан жардам көрсөткөн.

"Алар арызыбызды кайтарып алуубузду, элдешип алууну сунушташты. Бирок бизге эч нерсенин кереги жок, күнөөлүүлөрдүн мыйзам чегинде жазага тартылышын талап кылабыз", - дейт жабыркаган тарап.

Кыздын зордукталганын соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы да тастыктаган. Кылмыш иши боюнча топтолгон материалдар Свердлов жана Биринчи Май райондук сотторуна жөнөтүлгөн.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 18-февралында Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылып, жашы жете элек кызын зордуктагандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул кылмышка шектелип 19 жаштагы жаран кармалат. Аталган фактыга 3 милиция кызматкеринин тиешеси бар экендиги да айтылат.

Кийинчерээк, Свердлов райондук прокуратурасы зордуктоого шектүү деп кармалгандардын бири Свердлов РИИБинин кызматкери болгонун маалымдаган. Ал эми дагы бир шектүү Ленин РИИБинин инспектору, милициянын лейтенанты экенин Чүй ОИИББден кабарлашкан.

Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматынан белгилешкендей, бул кылмыш иши 7-августта саат 15:00дө кайра каралат

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7387