Колдон-колго өтүп зордукталган 13төгү кызга болжол менен 715 миң сом чогулду
RU

Колдон-колго өтүп зордукталган 13төгү кызга болжол менен 715 миң сом чогулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндө Бишкекте колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кызга 714,5 миң сом акча чогултулду. Бул тууралуу демилгечи топтун мүчөсү Эркин Рыскулбеков билдирди.

"Коомчулукта кыздын атасы менен апасы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, элден каражат чогулталы деп, ушул демилгени баштаган деген пикирлер айтылып жатат. Каражат чогултуу демилгесине кыздын атасы менен апасынын эч кандай тиешеси жок. Бул демилгени көтөргөн экономикалык серепчи Азамат Акинеев жана башкалар. Каражат чогултуу жана отчет берип тууруу бул биздин мойнубузда. Дагы бир жолу айтып коеюн, кыздын атасы менен апасын күнөөлөө туура эмес",-деди Рыскулбеков.

Учурда Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши сотто каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери. Дагы бир адам тергөөдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7505