Зордукталган 13 жаштагы секелек кызга 700 миң сомдой акча топтолду
RU

Зордукталган 13 жаштагы секелек кызга 700 миң сомдой акча топтолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте колдон-колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кызды жана анын ата-энесин колдоо иретинде каражат топтоо демилгеси башталган. Кайдыгер карабаган жарандар тарабынан 3 күндө 700 миң сомго жакын акча чогултулду. Бул тууралуу демилгечи топтун мүчөсү, теле алып баруучу Эркин Рыскулбеков билдирди.

Айтымында, жалпы 682 миң 876 сом банктык эсептерге которулду. Бул сумманын ичинен 50 миң сом кыздын атасына берилди. Калган каражат жабыркаган кызга ачыла турган атайын эсепке которулат.

"АКШдагы мекендештер дагы каражат чогултуп башташты. Буюрса, жабыркаган кыздын терең билим алып, келечеги ачык болсун деген нитте алдыңкы мектептердин бирине киргизели деп сүйлөшүп жатабыз. Албетте, "кой аксагы менен 100 дегендей" бизди кайыр сурайсыңар деп урушкандар да болду. Бардык пикирлерди түшүнүү менен кабыл алабыз", - дейт Рыскулбеков.

Окуянын чоо-жайы:

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши сотто каралып жатат. Иш боюнча үч айыпталуучу бар, алардын экөө милиция кызматкерлери. Дагы бир адам тергөөдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар кызды зордуктап эле тим болбостон, балким аны башкаларга да сатып жиберишкен. Кыз чоң энеси жана агасы менен жашаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7471