Жайлоого эс алууга кеткен 37 жаштагы кишинин өлүмүнүн себеби айтылды
4166
Баткенде жайлоого эс алууга кеткен киши каза болду. Ага кокусунан ок атылган дешет обулстук милциядан.
Белгилүү болгондой, 11-июлда 26 жаштагы К.С. менен 37 жаштагы К.К. Геревшин жайлоосуна эс алганы барышкан. Алар 35 жаштагы У.А`нын убактылуу жашаган үйүнө жайгашкан. Эртеси күнү болжол менен саат 14:30 чамасында үйдүн ээси куралын октоп жатып кокусунан ок чыгарып алган. Ок эшиктин алдынан өтүп бараткан 37 жаштагы К.К`га тийген.
Эс алуучу менен үй ээси жабыркаган жарандын жаракаттарын таңып, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерден мединцианлык жардам көрсөтүлүп, 13-июлга караган түнү саат жабырлануучу алган жаракатынан улам көз жумду.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7509