Таласта дарыгер кызга үйлөнгөндөргө 50 миң сом берилет. Сыйлыктын алгачкы ээлери аныкталды
RU

Таласта дарыгер кызга үйлөнгөндөргө 50 миң сом берилет. Сыйлыктын алгачкы ээлери аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта дарыгер кыздарга үйлөнгөндөргө сүйүнчү пул берүү жарыяланып, сыйлыктын алгачкы ээлери аныкталды. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков атайын жыйында бактылуу жубайларга сүйүнчү пулду тапшырды.

Президенттин облустагы өкүлү бул демилге жарым жыл мурда жарыяланганын айтат.

"37 айыл өкмөтүн кыдырып чыгып, дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр бар экенин көргөнбүз. Маселени чечүү боюнча ар кандай сунуштарды карап чыгып, эгерде ким врач кызга үйлөнсө 50 миң сом сүйүнчү пул беребиз дегенбиз. Жарым жылдын ичинде Манас районунун Чоң-Капка айылынын тургуну Чыңгыз Айдаралиев невролог Жолдубай кызы Назгүлгө баш кошту. Аларга сүйүнчүсүн тапшырып жатабыз", - дейт Нарбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7510