5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматынан бошотулат
RU

5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматынан бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлык мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашырууну, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууну максат кылат. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашат.

Ага ылайык:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына жетекчилерди тандоодо конкурстук системасы киргизилет.

2. Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору" мекемеси тарабынан борборлоштурулган негизде жүргүзүлөт;

- жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат;

- конкурстук тандоо жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына өткөрүлөт;

- кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери ушул жарлык күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет, иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык башка талапкерлер менен катар жалпы негиздерде жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна конкурстан өтүүгө укуктуу.

3. Министрлер кабинети:

– ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

– өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Билим берүү жана илим министрлиги:

– жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине коюлуучу квалификациялык талаптарды иштеп чыксын жана бекитсин;

– конкурстук тандоону өткөрүү үчүн тесттик инструменттерди иштеп чыксын жана апробациядан өткөрсүн;

– 2022-жылдын жана кийинки жылдардын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына аталган жарлык күчүнө кирген күнгө карата 5 жылдан ашык иштеген жетекчилердин кызмат орундарына конкурстук тандоону уюштурсун.

5. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары конкурстук тандоону өткөрүүдө Билим берүү жана илим министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7501