Бишкекте 3 күндөн бери дайынсыз болгон 12 жаштагы секелек табылды
4097
Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы секелек аман-эсен табылды. Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан белгилешкендей, ал 10-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.
Кыздын апасы ошол эле күнү милицияга арыз менен кайрылып, жардам берүүнү өтүнгөн. Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.
13-июлда ИИМдин академиясынын курсанттары тарабынан изделип жаткан кыз табылып, аман-эсен ата-энесие өткөрүлүп берилди.
Учурда кыздын 3 күн бою дайынсыз болуп жүргөн себеби такталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7520