Бирөө оор абалда. Баткенде бала бакчанын кызматкери 6 баланы унаасы менен сүзүп алды
RU

Бирөө оор абалда. Баткенде бала бакчанын кызматкери 6 баланы унаасы менен сүзүп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Лейлек районунда ойноп жаткан 6 баланы бала бакчанын кызматкери унаасы менен сүзүп алды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.

Окуя 15-июль күнү саат 11.30 чамасында Жаңы-Жер айылындагы "Шумкар" балдар бакчасында катталган. Анда аталган бала бакчанын 43 жаштагы А.А. аттуу кызматкери Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын көлөкө жерге коём деп көлөкө жерде ойноп жаткан бала бакчанын 6 тарбиялануучусун сүзүп алган. Анын кесепетинен 2 жана 5 жарым жаштагы балдар денесинен жаракат алышып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты боюнча 312-берененин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) 2-бөлүгү (Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, бала бакчанын кызматкеринин айдоочулук күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди. Ал эми жабыркаган балдардын бирөө оор абалда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7560