Ысык-Көлдө мамлекеттик кызматкер мас абалда милициянын унааларын сүздү
RU

Ысык-Көлдө мамлекеттик кызматкер мас абалда милициянын унааларын сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эки унаасын сүзгөн жаран мас абалда болгон. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматкер экенин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Окуя 17-июлда саат 07:00 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда каттлаган. Анда Бишкек шаарынын тургуну Т.М. Kia Rio унаасы менен бара жатып рулга ээ боло албай калган. Анын кесепетинен каршы тилкеге чыгып Кара-Ой айылында жайгашкан ЖККК бөлүмчөсүнүн административдик имаратынын жанында токтоп турган Ravon Nexia эки кызматтык унааны сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесептинен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 3 кызматкери (алар түнкү нөөмөттү жыйынтыктап келишкен) денелеринен жеңил жаракат алышып, Чолпон-Ата шаардык ооруканага кайрылышты. Жол кырсыгы каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кырсыкка себеп болгон айдоочусу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №26 мекемесинин жетекчилигинин режим жана тарбия иштери боюнча орун басары экени жана унааны мас абалда башкарганы аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7557