Ошто 31 жаштагы сержантка аю кол салды. Чек арачы каза болуп калды
RU

Ошто 31 жаштагы сержантка аю кол салды. Чек арачы каза болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто күзөттө турган чек арачыга аю кол салып, каза болду. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Окуя 19-июлда Чоң-Алай районундагы Түштүк Бокбашы аймагындагы мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон. Анда 31 жаштагы К.А. аттуу аскер кызматкерине капысынан аю кол салган. Анын кесепетинен аскер оор жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабай сержант каза болду.

Бул факты боюнча тиешелүү кызматтарга маалымдама жөнөтүлүп, Аскер прокуратурасы, чек ара кызматынын Оштогу башкармалыгы, укук коргоочулар жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7586