Ысык-Көлдө козу карын тергенге кеткен баланын жансыз денеси табылды
RU

Ысык-Көлдө козу карын тергенге кеткен баланын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык облусунда козу карын тергенге кеткен 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда,19-июлда 17 жаштагы өспүрүм Барскоон капчыгайына козу карын тергенге кетип, дайынсыз болуп жаткан.

Издөө иштерине 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылып, саат 23:00дө издөө токтотулган. Бүгүн, 20-июлда таңкы саат 05:20да баланын сөөгү туугандары табышты. Ал эми анын сөөгүн тоодон түшүрүүнү Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери колго алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7583