Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого тууганы шектелүүдө
RU

Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого тууганы шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 37 жаштагы киши "Ынтымак" паркынын жанында 15 жаштагы тууганын зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына кыздын апасы билдирди.

Ал белгилегендей, окуя ушул жылдын 13-майында болгон.

"Жээним кызыма акча табууну сунуштады. Кандайдыр бир тиркемени жүктөп алып, ал үчүн акча алыш керек болчу. Мен алар менен эки жолу "Ынтымак" паркына барып кайсы бир криптовалюта алдым. Үчүнчү жолкусунда мен ооруп калдым. Ошол күнү кечинде экөө чогуу басып, бак аралаптыр. Алар унаага отурганда ал кызымды көп кабаттуу үйлөрдүн артына алып барып, анын шымын жана ич кийимин чечип, жыныстык мүчөсүн чыгарыптыр", - дейт өспүрүмдүн апасы.

Бул факты боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгы эч кандай зордук-зомбулук аракеттери болбогонун көрсөткөн.

"Милиция эч кандай чара көргүсү келген жок, анткени мыйзам боюнча кызымдын ден соолугуна зыян келтирилген эмес. Экспертиза анын "таза" экенин көрсөттү. Ушундай эле окуя төрт жыл мурун дагы болгон. Анда жээним зордук-зомбулук аракеттерин жасаганын жабырлануучу тастыктаган", - деди ал.

Ал киши азыр камакта. Кыздын ата-энеси шектүүнүн бөгөт чарасы жакында аяктарын айтып, жазадан кутулуп кетеби деп тынчсызданууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7608