"Бактылуу бол, сүйгөнүңө кетип жатасың". Үлпөт көйнөкчөн Гүлназ Чыныбек кызынын видеосу
RU

"Бактылуу бол, сүйгөнүңө кетип жатасың". Үлпөт көйнөкчөн Гүлназ Чыныбек кызынын видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева ырчы Гүлназ Чыныбек кызына бакыт тилеп жаткан видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Андан Гүлназ Чыныбек кызы үлпөт көйнөкчөн отурганын көрүүгө болот. Ал эми Алтынай Нарбаева: "Гүлназка, бактың тоодой болсун, бактылуу болгула. Анан биз кетип жатканда ыйлап калба, кыз киши ыйлабай эле калганы жакшы. Сүйгөнүңө турмушка чыгып жатасың. Биз сени мененбиз, ар дайым сагынабыз. Бактылуу, өмүрлүү, көп балалуу болгула", - деп бата берди.

Ырчынын күйөрмандарынын суроосун жараткан видео боюнча Алтынай Нарбаевага байланышканыбызда толкунданып, бир чыгарма жаралып жатканын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7619